🔬Медицина илимдеринин доктору, профессор, далилдүү медицина боюнча адис Аида Зурдинова вакцинанын сапаты жана коопсуздугу боюнча эксперттик корутундусу менен бөлүштү

Анын айтымында, бүгүнкү күндө эмдөө COVID-19га каршы күрөшүүнүн эң келечектүү ыкмаларынын бири деп эсептелет. COVID-19 иштеп чыгуу үчүн 280 талапкер вакцина бар, анын 96сы адамга, 184ү клиникага чейинки сыноолорду өтүп жатат.

“Бирок, жаңы вакциналардын пайда болуу ылдамдыгы жалпы калктын жана медициналык коомчулуктун ичинде көп талкууларды жана тынчсыздануусун туудуруп жатат. Вакциналардын сапаты, эффективдүүлүгү жана коопсуздугу клиникалык изилдөөлөрдө кылдаттык менен изилденүүдөбү деген суроолор көп жаралууда”, - деп билдирди ал.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
How to Change Teams Background