➡️Клиникага чейинки фаза - клеткаларды өстүрүү жана жаныбарлардын моделдеринде сыноодон отот. ➡️I фаза - коопсуздугун, иммуногендүүлүгүн сынайт,> 10 катышуучу ➡️II фаза - коопсуздугун, иммуногендүүлүгүн сынайт,> 100 Катышуучу ➡️III фаза - эффективдүүлүгүн, коопсуздугун, иммуногендүүлүгүн сынайт,> 1000 катышуучу.
3 фазанын жыйынтыгы вакциналардын эффективдүүлүгүн жана коопсуздугун тастыктаса алар каттоодон өтөт. Каттоо процессин өлкөнүн аймагында улуттук көзөмөлдөөчү органдар жөнгө салат. Мисалы, Америка Кошмо Штаттарында - FDA, Европада - EMA, бизде Дары-дармек департаменти жана Республикалык иммунопрофилактика борбору жооп берет.
➡️IV фаза - постклиникалык коопсуздук, эффективдүү, эпидкөзөмөл жана фармкөзөмөл > 1 000 000 катышуучу
❗️Вакциналардын коопсуздугу, бардык дары-дармектер сыяктуу эле, клиникалык сыноолор аяктагандан кийин жана вакцина ишке киргизилгенден кийин дагы, тынымсыз көзөмөлдөнүп турушу керек.