📲Вакцинанын коопсуздугу тууралуу маалымат Med Safety тиркемесинде
✅ Вакцина каттоодон өткөндөн кийин, вакциналар клиникалык сыноонун (постмаркетингалык) 4-фазасынан өтөт, бул сыноонун негизинде вакциналардын терс таасирлерине байкоо жүргүзүшөт.
📌Бул көзөмөл бир нече булактардан келген билдирүүлөрдү талдоо жолу менен жүргүзүлөт. Улуттук деңгээлде маалымат булактары вакцинацияланган адамдардан, алардын ата-энелеринен жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринен чогулат.
“Бул ишти жигердүү жолго коюу жана вакциналардын жана дары-дармектердин коопсуздук профили жөнүндө маалыматты жаңыртуу үчүн, мен эксперт катары медициналык кызматкерлерге гана эмес, коомчулукка Med Safety электрондук платформасын колдонууну сунуш кылам, аны мобилдик телефондорго жүктөөгө болот”, - А. Зурдинова.