“2020-жылдын март айынан баштап балдар арасында COVID-19 менен ооруп, республиканын стационарларында дарыланып чыккан 2094 учур катталган”, - деп билдирди Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун башкы дарыгери Айна Джетыбаева.
📊Статистика боюнча, жалпы катталгандардын ичинен стационарда дарылоодон өткөндөр:
🔸Бишкек ш - 807 🔸Ош шаары - 124 🔸Чүй облусу – 351 🔸Ош облусу – 342 🔸Талас облусу - 20 🔸Нарын облусу - 98 🔸Ысык-Көл облусу – 145 🔸Жалал-Абад облусу – 134 🔸Баткен облусу – 73
➡️Ооругандардын жаш-курагы боюнча: 🔹1 жашка чейин – 311 (14,8%); 🔹1 жаштан 4 жашка чейин – 624 (29,8%); 🔹5 жаштан 15 жашка чейин – 759 (36,2%); 🔹16-18 жаштагылар – 400 (19,2%).
Жалпысынан, COVID 19 лаборатордук түрдө – 1082 (51,6%) тастыкталса, 1012 (48,4%) пневмония болгон.
▶️Оордугуна жараша: ▫️ орточо оор абалда - 24,5%; ▫️ оор абалда - 16,5%: ▫️ өтө оор абалда - 1,7%.
37,5% бейтаптарда оорунун күчөп кетиши байкалган. Ал эми каза болгондордон 6 учур (0,4%) катталган.