❗️Кандай учурда сөзсүз түрдө стационарга жаткыруу керек?
2 айга чейин жаңы төрөлгөн жана кичинекей ымыркайлардагы кооптуу белгилер: ➡️Эмчек эмүүсү начарласа; ➡️Карышуу; ➡️Уктап калуу же аң-сезимдин жоктугу; ➡️Онтогон дем алуу; ➡️Тез дем алуу (мүнөтүнө 60 же андан көп); ➡️Көкүрөктүн катуу тартылышы; ➡️Алакан менен тамандын саргайышы; ➡️Дене табы (38⁰ жогору); ➡️Дене табынын төмөндөшү (35.5⁰ ден төмөн); ➡️Кыймылга келтирилгенде гана болгон кыймыл-аракет; ➡️Борбордук цианоз.
2 айдан 5 жашка чейин балдар арасындагы кооптуу белгилери: ➡️ Ымыркай эмчек эме албайт же иче албайт; ➡️ Карышуу (анамнезде ушул ооруга байланыштуу) жана текшерүү учурунда болсо; ➡️ Ар бир суусундуктан же тамактан кийин кусуу; ➡️ Летаргиялык же аң-сезимсиз болуу.
📌Эсиңизде болсун, балдарда жана өспүрүмдөрдө COVID-19 диагностикалоодо кооптуулуктун белгилеринин бирөө бар болгон учурда 📞103 тез жардам кызматын чакыруу керек.