Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун башкы дарыгери Айна Джетибаеванын айтымында, ооруканадан чыккандан кийин бейтаптар үй-бүлөлүк дарыгердин көзөмөлүндө эки жума үйдө обочолонушу керек.
🏠Үйдө шартында бейтапты кантип көзөмөлдөө керек:
📎 COVID-19 инфекциясына шектелген же тастыкталган баланы өзүнчө тез-тез желдетүүгө жана дезинфекциялап турууга ылайыктуу өзүнчө бөлмөгө бөлүү керек. Баланы карай турган адамдардын санын чектөө;
📎 Бардыгы өздүк гигиенаны сактап, беткап кийүүсү зарыл;
📎 Башка балдар, карылар жана иммунитети төмөн адамдар менен байланышуудан алыс болуу кажет;
📎 Дене табын күнүнө эки жолу (эртең менен жана кечинде) ченеп, бейтаптын абалындагы бардык өзгөрүүлөрдү тыкыр көзөмөлдөө керек.