📌Эмне үчүн эмдөөгө чейин жана эмдөөдөн кийин антителорго текшерүү болбойт? Бул суроого Вирус инфекцияларына каршы күрөшүү боюнча илимий-практикалык борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов жооп берди.

Эмдөөгө чейин сөзсүз антителону текшерүү керекпи?

Эмдөөгө чейин антителонун деңгээлин билүү милдеттүү эмес, анткени көп жерде COVID-19га антителону текшерүүгө лабораториялар жок. Эгерде антитело жок болсо, эмдөөдөн кийин вируска каршы иммунитет көтөрүлөт. Ал эми, антитело бар болгон учурда, анын саны вируска каршы көбөйөт.

Эмдөөгө чейин сөзсүз антителону текшерүү керекпи?

Эмдөөдөн кийин антителону текшерүүнүн кереги жок. Анткени, эмдөөдөн өткөндөн кийин ар бир адамда антитело ар кандай иштелип чыгат.

Лаборатордук текшерүүдө бардыгында антитело болушу мүмкүнбү?

Лаборатордук текшерүүдө кээ бир адамдарда антитело бар болсо, кай биринде жок болушу мүмкүн. Бул тест-системадан көз каранды. Эгерде S белоктун негизинде жасалган вакцина болсо, анда N белокко антителону аныктай турган тест-система, S белокко каршы иштелип чыккан антителону көрө албайт.

Эмдөөдөн кийин адам ооруп калышы мүмкүнбү?

Эмдөө – ооруну чакырбайт. Себеби, вакцина авируленттүү, өлтүрүлгөн вирустардан же анын бөлүктөрүнөн турат. Вакцина антитело иштелип чыккандан кийин ооруга бөгөт коет. Эгерде адам вирус жуктуруп алып, симптомдору пайда болгончо вакцина алса, анда ал оору калышы мүмкүн. Бирок, бул эмдөөдөн улам деп айтууга болбойт.

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб
How to Record Hands-Free on Snapchat