📍Чүй облусундагы эмдөө жөнүндө

«Коронавирус инфекциясына каршы иммунизацияны уюштуруу жана өткөрүү үчүн Чүй облусунда 103 убактылуу эмдөөчү пункттары уюштурулган, ал жерде калкка эмдөө жүргүзүлөт, ошондой эле 10 мобилдик топ тартылган», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова.

🔸 Анын маалыматына ылайык, Чүй облусу боюнча 36970 адам биринчи дозаны, 19290 адам экинчи дозаны алган.

Ошондой эле, Волкова калкты дарыгерлердин сунуштарына кулак салууга жана эмдөөдөн өтпөөгө чакырган жалган маалыматтарга алданбоону чакырат.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
Best Bluetooth Speaker Sound Quality