❤️"Кыргызстан – жашыл зона" демилгесинин алкагында Кызыл Жарым Ай коомунун 700дөн ашык ыктыярчысы тартылган
Кыргызстандын бардык региондорунда COVID-19дун жайылышына каршы иш-чараларын ишке ашыруу максатында жана "Кыргызстан – жашыл зона" улуттук демилгесинин алкагында Кызыл Жарым Ай коомунун 700дөн ашык ыктыярчысы тартылган.
Бул жардам стратегиялык мүнөзгө ээ, анткени "Кыргызстан – жашыл зона" улуттук демилгесинин алкагында COVID-19дун жайылышына каршы иш-чараларын ишке ашыруу максатында уюштурулган жана окутулган ыктыярчылардын кыймылынын жана Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлеринин биригүүсү ишти күчөтүүгө өбөлгө түзөт.
"Кызыл Жарым Ай коомуна COVID-19 менен күрөшүүдө жана өлкө боюнча 700дөн ашуун ыктыярчыларды окутууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Бул колдоо абдан актуалдуу, анткени азыр калкты эмдөө өнөктүгү жүргүзүлүп жатат жана "Кыргызстан - жашыл зона" улуттук демилгеси башталды, анын максаты - бардык аймактарды коопсуз "жашыл" статусуна өткөрүү. Окутулган жана үйрөтүлгөн ыктыярчылар ооруну жеңуүдө чоң салымын кошушат", - деди министрдин орун басары Бакыт Жангазиев.
Кызыл Жарым Ай коому республиканын саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги үчүн маанилүү, калкты колдоого жана ден-соолуктун коопсуздугун камсыз кылууга саламаттык сактоо долбоорлорун ишке ашырууга багытталууда.
❗️Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жарандарга вакцина алууга жана беткап кийүүгө чакырат.