ПЧР-тесттин жыйынтыгын эми e-med ресурсунан алууга болот

Мындан ары жарандарга ПЧР-тесттин жыйынтыгын онлайн форматта vc.emed.gov.kg электрондук саламаттык сактоо ресурсу аркылуу алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

➡️ Тийиштүү "ПЧР" аталышындагы бөлүмдө колдонуучу өзү тууралуу маалымат (ПИН жана паспортунун маалымат) менен акыркы ПЧР-тесттин жыйынтыгын ала алат. Эч кимге чалуунун жана баруунун кереги жок. Керек болгон учурда аталган сервис жаңыланып, толукталып турат. Учурда сервис тесттик режимде иштеп баштады.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жарандардын оңой жана оперативдүү түрдө медициналык маалыматты алуусу үчүн санариптик чечимдерди ишке киргизүүнү улантууда.

❗️ Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жарандарга эмдөөдөн өтүүнү сунуштайт жана беткап кийүүгө чакырат.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
The Ultimate Guide to Microsoft Publisher