🇰🇬Биздин өлкөдө колдонулуп жаткан COVID-19га каршы вакциналардын сапаты жана коопсуздугу
Эффективдүүлүгү жана коопсуздугу боюнча Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуш кылган, эксперттик баалоодон өткөн - Sinopharm, AstraZeneca вакциналары. Бул вакциналар гуманитардык жардам катары келген.
1⃣AstraZeneca - Оксфорд университинин вакцинасын изилдөөгө жалпы 11 636 адам катышып, анын эффективдүүлүгү 70,4% ды түздү. Бирок, тромбоздун өнүгүшү сыяктуу терс таасирлери жөнүндө көптөгөн жарыялар болгон. Бул жарыяларды жана маалыматтарды талдоонун натыйжалары боюнча, дарылоо жана алдын алуу боюнча клиникалык көрсөтмөлөр өзгөртүүлөр менен иштелип чыккан.
2⃣Sinopharm - 60 жаштан жогору бейтаптарда эффективдүүлүк болжол менен 76% ды түзөт. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) өзгөчө кырдаалдарда Кытайдын Sinopharm вакцинасын COVID-19га каршы колдонулуучу дары-дармектердин тизмесине кошуп, аны 18 жаштан жогору курактагы адамдарга үч-төрт жума аралыгында эки дозадан турган график менен эмдөөгө уруксат берди.
3⃣ Россиялык вакцина Gam-COVID-Vac/Sputnik V изилдөөсүнө 20 миңдей адам катышкан, вакцина 21 күн аралыгында эки доза менен 91,6% эффективдүүлүгүн көрсөткөн. Вакцина Россия Федерациясында 2-этаптан кийин катталып, 3-этабы, тилекке каршы, милдеттүү эмдөө компаниясы менен байланышкан. Ушул мезгилдеги коопсуздук профилинин маалыматтары эч жерде жарыяланган эмес. Ушуга байланыштуу, ал Россиянын медициналык коомчулугунда чоң талаш-тартыштарды жана карама-каршылыктарды жаратат.