AstraZeneca вакцинасы III фаза сыноосунун негиздинде SARS-CoV-2 симптоматикалык инфекциясына каршы 70%га эффективдүү.
✅ Бул вакцина Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан тастыкталган.
✅ AstraZeneca вакцинасы Германия, Италия, Испания, Франция, Бельгия, Австрия, Украина жана башка өлкөлөрдө тастыкталган.
✅ Эмдөөдөн 18 жаштан жогору адамдар өтө алашыт. 1 жана 2 дозалардын ортосундагы аралык 4-12 жуманы түзүшү керек.
Эмдөөдөн өтүүдөгү сактык чаралары: 🔹эмдөөдөн кийин 15 мүнөттөн кем эмес байкоо жүргүзүү сунушталат; 🔹бул вакцинаны эмдөө курч фебрилдик оорулары бар бейтаптарга каршы көрсөтүлөт; 🔹тромбоцитопения менен ооруган, ар кандай кандын уюшу бузулган же антикоагулянттуу терапия алып жаткан жарандарга этияттык менен колдонулат; 🔹суук тийгенде же дене табы бир аз көтөрүлгөн учурда эмдөө болот.
➡️ Кыргызстанга 226 миң доза өлчөмүндө швед-британиялык өндүрүшчү тарабынан иштелип чыккан AstraZeneca вакцинасынын келиши күтүлүүдө.