“Бүгүнкү күндө, облус аймагында эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Эпидемиологиялык кырдаал курчугандан баштап Ысык -Көл облусу боюнча лабораториялык тастыкталган жана клиника-эпидемиолоогиялык короновирустун катталышы 11005 адамды түздү”, - деп билдирди КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Усенова.
2021-жылдын 30 июлуна карата облус боюнча COVID-19 учурлары көбөйгөн зона болуп төмөндөгү аймактар табылды: 📍 Ыссык- Көл району; 📍 Каракол шаары; 📍 Жети- Өгүз району; 📍 Балыкчы шаары; 📍 Ак-Суу району; 📍 Тюп району.
🛏 Анын айтымында, жалпы облус боюнча COVID-19 жана пневмониянын дарылоо үчүн 600дөн ашык койка-орун бар. 300 койка –орун “кызыл зона” үчүн каралган, ал эми бүгүнкү күнгө стационарларда 350 бош койка-орун бар.