📍 Эмдөө пункттары эми 2ГИС тиркемесинде жеткиликтүүЖарандарга санариптик каражаттарды ыңгайлаштыруу жана жеткиликтүү болушу үчүн, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2ГИС өнөктөшүнүн колдоосу менен эмдөө пункттарын 2ГИС тиркемесинде - интерактивдүү картадан табуу мүмкүнчүлүгүн ишке ашырды.
Тиркеменин жардамы менен жарандар эмдөө пункттарынын даректерин, иштөө графигин жана белгилүү пункттардын байланыш номерлерин билип, жакын жерде жайгашкан эмдөө пунктуна чейин жолду биле алышат. Аталган сервисте COVID-19га каршы эмдөө алуу үчүн
https://vc.emed.gov.kg/Regs/Create электрондук каттоо баракчасына өтүү мүмкүнчүлүгү ишке кирген.
❗️ Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жарандарга эмдөө алууну сунуштайт жана беткап кийүүгө чакырат.
#Кыргызстанжашылзона
#ЭмдөөСактайт
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб