❓Кызамык менен ооруган адам менен байланышта болгондо эмне кылуу керек?
❗️Илдеттин алгачкы белгилери билине баштаганда же балаңыз кызамык менен ооруган адам менен байланышта болсо, дароо үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыз!
Эгерде сиз байланыштан кача албасаңыз, анда төмөнкү чараларды көрүшүңүз керек:
✅Эгер балаңыз кызамыкка чалдыкса, тилкелик дарыгерге кайрылыңыз. Ал балаңызды үйдө же ооруканада дарылоо зарылдыгын чечиши керек. Дарыгер кызамыктын кийинки жайылышына жол бербөө үчүн тиешелүү дарылоо жана алдын алуу иш-чараларын дайындайт.
✅Бардык аныкталган бейтаптар тез арада обочолонот. Оор эмес кызамык үй шартында, дайыма дарыгердин көзөмөлүндө дарыланат. Оорунун оор өтүшүндө, күчөшүндө ооруканага жаткырылышы мүмкүн.
✅Бейтаптарга териде исиркектер пайда болгон 5-күнгө чейинки мезгилде коом менен байланышууга тыюу салынат.
✅Эгерде пневмония түрүндө татаалдашуулар пайда болсо, анда обочолоонун мөөнөтү 10 күнгө чейин узартылат.
✅Эгерде сиз балаңызга кызамык оорусуна каршы эмдөө жасай элек болсоңуз, анда токтоосуз эмдетиңиз!
❗️Оорунун алдын алуу үчүн өз убагында эмдөөдөн өтүү керек!