Вакциналар кантип таасир берет?

Эмдөө организмдин иммундук реакциясын козгойт. Иммундук система вирус же бактерия сыяктуу ооруну козгогучту тааныйт. Андан кийин антителолорду иштеп чыгуу башталат. Ал ошондой эле келечекте аны менен күрөшүү үчүн ооруну козгогучту эстеп калат. Эгерде бул козгогуч кайра организмге кирсе, иммундук система аны тез эле жок кылып, оорунун күчөшүнө жол бербейт.

Вакцинанын бир же бир нече дозасын алуу менен биз, адатта, көп жылдарга, ондогон жылдар, атүгүл өмүр бою белгилүү бир оорудан коргоого ээ болобуз. Вакциналардын натыйжалуулугу да ушунда.

КПК - кызамык, паротит жана кызылчага каршы айкалыштырылган вакцина. Кыргыз Республикасында профилактикалык эмдөө календарына ылайык кызамыкка каршы биринчи эмдөө 12 айда, ал эми пландуу ревакцинация 6 жашында жүргүзүлөт. Бул эки доза кызамыктан коргоону камсыз кылат.

Эмдөө балдарды коркунучтуу оорулардан гана коргобостон, инфекциялардын жайылышын алдын алуу менен коомдук саламаттыкты сактоого да салым кошот.

⁉️Кыргызстанда колдонулган вакциналар коопсузбу?

Кыргызстанда колдонулган вакциналар коопсуз жана сапаттуу, улуттук талаптарга жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) сунуштарына, ошондой эле эл аралык GMP (тийиштүү өндүрүштүк тажрыйба) стандарттарына жооп берет жана ДССУнун алдын ала квалификациялоо процедураларынан өткөн.

❗️Оорунун алдын алуу үчүн өз убагында эмдөөдөн өтүү керек!

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө2023
#вакцинация2023
#корь
#коронавирус
#кызамык
TikTok and Fitness: The Rise of Wellness Trends on the Platform