📍Кызамык, кызылча жана паротитке каршы эмдөөнү кайдан алууга болот?
Кызамыкка, кызылчага жана паротитке каршы эмдөө Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөөлөрүнүн Улуттук календарына ылайык 12 айлык балдарга жасалат, 6 жашка чыкканда - ревакцинация жүргүзүлөт.
📌Кызамыкка каршы вакцина Кыргызстандын бардык эмдөө жайларында бар. Балдарын кызамыктан коргогусу келген ата-энелер жашаган жери боюнча дарыгерге кайрылышы керек.
Эмдөөдөн өтпөгөн чоңдор үчүн КПК ордуна ККВ (кызылча, кызамык вакцинасы) эмдөөсү жүргүзүлөт жана аны жекече гана алууга болот.
❗️Оорунун алдын алуу үчүн өз убагында эмдөөдөн өтүү керек!