❗️Кызамык тууралуу кыскача

Кызамык – бул курч жугуштуу вирустук оору.

Кызамык менен ооруган адамдан жугат. Балдар жана чоңдор дагы кызамыкка чалдыгышы мүмкүн. Кызамык менен оорубагандар жана ага каршы эмделбегендер бейтап менен байланышта болгондо, жашына карабастан дээрлик 100% ооруну жуктуруп алышат.

Кызамык кантип жугат?

Инфекция аба аркылуу (сүйлөшкөндө, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө) жугат.

Ошондой эле жакын жеке байланыш же мурундан чыккан инфекция бар суюктук менен байланыш болгондо жугат.

Вирус желдетүү түтүктөрү жана лифт шахталары аркылуу тарашы мүмкүн –бир учурда үйдүн ар кайсы кабатында жашаган балдар ооруп калышат.

Кызамыктын белгилери

Инфекция жуккандан кийин алгачкы белгилери пайда болгонго чейинки убакыт 7-14 күн.

Оорунун белгилери:

• дене табынын 38-40⁰С көтөрүлүшү
• кескин алсыздык
• табиттин жоктугу
• кургак жөтөл
• мурундун агышы
• конъюнктивит (көздүн былжыр челинин сезгениши)
• исиркектердин пайда болушу.

Кызамыктын кооптуулугу

Кызамык татаалдануулары менен кооптуу. Өпкөнүн, мээнин, көздүн сезгениши пайда болуп, сокурдукка алып келиши ыктымал. Оор учурларда өлүмгө учуратышы мүмкүн.

Көбүнчө, кыйынчылыктар беш жашка чейинки балдарда же 30 жаштан ашкан кишилерде болот.

❗️Оорунун алдын алуу үчүн өз убагында эмдөөдөн өтүү керек!

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө2023
#вакцинация2023
#корь
#кызамык
#коронавирус
Top 5 Best Zoom Cameras