Кыргызстанда колдонулган вакциналар коопсузбу?

Кыргызстанда колдонулган вакциналар коопсуз жана сапаттуу, улуттук талаптарга жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) сунуштарына, ошондой эле эл аралык GMP (тиешелүү өндүрүштүк тажрыйба) стандарттарына жооп берет жана ДССУнун алдын ала квалификациялоо процедураларынан өткөн.

КПК вакцинасы коопсуз жана натыйжалуу

2000-2016-жылдары кызамыкка каршы эмдөө ДССУнун талдоосу боюнча 20,4 млн адам өлүмүнүн алдын алып, кызамыкка каршы вакцина коомдук саламаттыкты сактоодогу мыкты вакциналардын бирине айланган.

КПК вакцинасы коопсуз жана натыйжалуу, бир эле учурда үч жугуштуу ооруга каршы иммунитетти камсыз кылат: кызамык, паротит жана кызылча. Вакцинанын компоненттери коопсуз жана эч кандай уулуу же тыюу салынган заттарды камтыбайт жана дүйнө жүзү боюнча кеңири колдонулат, анын ичинде шарият мыйзамдары боюнча жашаган өлкөлөрдө (Сауд Арабиясы, Иран ж.б.) дагы.

Кыргызстанда кызылча, эпидемиялык паротит жана кызамык инфекциялык ооруларын алдын алуу үчүн Индиянын Serum Institute of India Ltd компаниясы чыгарган бириктирилген вакцина колдонулат. Бул вакцина ДССУ тарабынан тастыкталган жана 70тен ашык өлкөдө, анын ичинде Европада колдонулат.

КПК вакцинасынын бир дозасы (0,5 мл):

Активдүү заттар: кызамыкка (1000 ТДЦ50 кем эмес), паротитке (5000 ТДЦ50), кызамыкка (1000 ТДЦ50) каршы алсыздандырылган вирустарды;

Кошумча заттар: жарым-жартылай гидролизденген желатин, сорбит, неомициндин издери, инъекция үчүн сууну камтыйт.

❗️Оорунун алдын алуу үчүн өз убагында эмдөөдөн өтүү керек!

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө2023
#вакцинация2023
#корь
#коронавирус
How to Change Teams Background