Эмделген адам кызамыкка чалдыгуусу мүмкүнбү?

Инфекция ооруган адамдан жугат. Кызамыкка чалдыккан адам менен кыска убакыт болсо да байланышкандар илдетти жугузуп алат. Кызамыкка каршы эмдөө 60 жылдан бери жүргүзүлүп келет. Көп жылдар бою вакциналар алдын алуунун натыйжалуу жана коопсуз ыкмасы экендигин далилдеди.

Эмдөө графигине ылайык КПК вакцинасын алган адамдар өмүр бою корголгон деп эсептелет. Бирок эмдөөдөн кийин адамда иммунитет пайда болбой калышы мүмкүн болгон өтө сейрек, өзгөчө учурлар бар. Бул учурда оору жеңилирээк түрдө жана олуттуу кыйынчылыктарсыз өтөт.

❗️Оорунун алдын алуу үчүн өз убагында эмдөөдөн өтүү керек!

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө2023
#вакцинация2023
#корь
#коронавирус
The Psychology of TikTok Duets: Analyzing Collaborative Content