Гепатитке каршы эмдөөнү жана дарылоону кайсы жерлерден алууга болот?

📌В вирустук гепатитине каршы эмдөө, В жана С вирустук гепатиттерин дарылоо бейтаптын жашаган жери боюнча, баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарында (үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда) жүргүзүлөт.

Гепатитке каршы эмдөө жана дарылоо кызмат көрсөтүүлөрүн кимдер колдоно алышат?

📌 В вирустук гепатитине каршы эмдөө, В жана С вирустук гепатиттерин дарылоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары баштапкы медициналык-санитардык жардамдын (үй-бүлөлүк медицина борборунун, жалпы дарыгердик практика борборунун) дарыгерине кайрылып, анын жолдомосун алышы керек.

Гепатитке текшерилүүгө кантип даярданам?

📌Эч кандай атайын чараларды көрбөй эле койсоңуз болот. Башка ооруларга текшерилгендей эле, вирустук гепатитке кан тапшырардын алдында тамак ичпей ач карын барыңыз.

❗️Оорунун алдын алуу үчүн өз убагында эмдөөдөн өтүү керек!

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө2023
#вакцинация2023
#корь
#коронавирус
#гепатит
TikTok Video Downloader: Download TikTok Videos without Watermark