📌В вирустук гепатитине каршы эмдөө Кыргыз Республикасынын бойго жеткен калкынын арасында ыктыярдуу негизде гана жүргүзүлөт.
❓Гепатитке каршы эмдөө, ооруну аныктоо жана дарылоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр акысызбы?
📌В вирустук гепатитине каршы эмдөө, В жана С вирустук гепатиттерин дарылоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн гана акысыз болот.
❓Балдар да гепатитке каршы вакцина алышы керекпи?
📌Жок, балдар эмдөөнү Кыргыз Республикасынын Профилактикалык эмдөөлөр календарынын алкагында төрөлгөндөн кийинки биринчи жылдын ичинде алышат. Профилактикалык эмдөө календарынын алкагында вирустук гепатитке каршы эмделбеген балдар – бул башка кеп.
❗️Оорунун алдын алуу үчүн өз убагында эмдөөдөн өтүү керек!
🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб #ВакциныРаботают #ВакциныЗащищают #ЭмдөөСактайт #защити #эмдөө2023 #вакцинация2023 #корь #коронавирус #гепатит